БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Юстиция министрлиги соттук отурумдарды онлайн көрсөтүү кантип иштерин көрсөтүп берди

Юстиция министрлиги соттук отурумдарды онлайн көрсөтүү кантип иштерин көрсөтүп берди

Сүрөт Юстиция министрлигинин сайтынан алынды

Юстиция министрлиги 17-июлда көчмө жыйын өткөрүп, Кылмыш- жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, соттук отурумдарды онлайн көрсөтүүнү сунуштады. Иш-чарага президенттик администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, юстиция жана санариптик өнүктүрүү министрлери, Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр катышты.

Министрликтин маалымдашынча, көчмө топ аларды СИЗО-1ге жана Бишкектин Свердлов райондук сотуна алып барып, реалдуу соттук отурумдардын жүрүшүндө видео конференция байланыш (ВКБ) кандай иштеп жатканын көрсөтүшкөн.

Юстиция министри Аяз Баетов мындай берүү соц процессинин ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатууга жана коомчулуктун маалымдуулугун камсыз кылууга жардам берерин айткан. 

"Эгер, мыйзам долбоору кабыл алынса, бул сот процесстерин онлайн өткөрүүгө карай маанилүү кадам болот. Бардык жазуулар сакталат, ал эми сот отурумун видеого тартуу процесстин бардык катышуучулары үчүн иш стандарттарын камсыз кылат", - дейт министр.

Юстиция министрлиги аталган мыйзам долбоорду ушул жылдын апрелинде сунуштап, Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыялаган. Документтин негиздемесинде соттордо маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу заман талабы экени жана Кыргызстандын улуттук стратегиясында каралганы айтылат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей