БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда түндө эки ирет жер титирөө катталды

Кыргызстанда түндө эки ирет жер титирөө катталды

Иллюстративдик сүрөт

24-январга караган түнү өлкө аймагында эки ирет жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады

Маалыматка караганда, 24-январь күнү саат 01:11де Кытайдын аймагында очогунда күчү 2.5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал эми Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Ыштык айылында жана Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллга чейин жердин силкиниши байкалган.

Ошондой эле жер титирөө 02:38де кайра кайталанып, Кытайда күчү 6.5 баллга жеткен. Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында 3 баллга  чейин сезилген.

Эске салсак: 23-январга караган түнү, саат 00:09да кыргыз-кытай чек арасына жакын, Шиңжаң-Уйгур автоном облусунун Аксуу ооданында болгону, күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган Жердин силкиниши Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 баллга жеткен.

Алдын-ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей