БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өлкөдө уран иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоор парламентке түштү

Өлкөдө уран иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоор парламентке түштү

Интернеттен алынды

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Документти Министрлер кабинети сунуштап жатат.

Ага ылайык, Кыргызстанда 2019-жылы кабыл алынган "Уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамын күчүн жоготту деп табуу сунушталууда. 

Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде 2020-2023-жылдардагы окуялардын оор экономикалык кесепеттеринен улам Кыргызстандын экономикасы кирешенин башка булактарына муктаждыгы айтылган. Ошондуктан уран жана торий кендерин казып алуу жана экспорттоо өлкөнүн экономикасынын маанилүү компоненттери болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору белгиленген. Мындан сырткары документте уранды жана торийди казып алуунун заманбап технологияларына мамлекеттик мониторинг жүргүзүү менен коштолору жазылат. 

"Бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин минималдаштырууга жардам берет. Мындай технологиялардын бар экендиги аныкталса, мамлекеттик органдар аларды жер казынасын пайдалануучулар тарабынан ишке ашыруу боюнча талаптарды киргизет", -деп жазылат Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоордо. 

Ошондой эле мыйзам долбоордо тиешелүү мамлекеттик органдар уранды жана торийди казып алуунун айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген зыянын азайтуу үчүн чараларды көрөрү айтылат. 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мындай пикирин президент ушул жылдын февраль айында Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушууда билдирген. Жапаров кен иштеп баштаса аймакка да, республикалык казынага да ири киреше алып келерин белгилеген.

2019-жылы апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент уран, торий кендерин иштеткенге тыюу салган мыйзам долбоорду кабыл алган. 

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей