БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда жашоо минимуму 8144 сом деп эсептелди. Инфографика

Кыргызстанда жашоо минимуму 8144 сом деп эсептелди. Инфографика

Сүрөт интернеттен алынды

2024-жылдын экинчи кварталына (апрель, май, июнь) карай Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 8 144 сом деп эсептелди. Улуттук статистика комитети маалымдагандай, эмгекке жарактуу калктын жашоо минимуму - 9124 сом. Ал эми пенсия курагындагылардыкы - 7251, балдардыкы - 6892 сомду түзөт.

Жашоо минимуму аймактар боюнча эң көп Бишкекте (8346 сом), эң аз Чүй облусунда (7645 сом) деп эсептелди.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2023-жылдын үчүнчү кварталына карата Өлкөдө жалпы жашоо минимуму 7 756 сом деп эсептелген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей