БАШКЫ БЕТ > инфографика

Өлкөдө жыл башынан бери кызамыктын 13 миңден ашык учуру катталып, үч бала каза тапты

Өлкөдө жыл башынан бери кызамыктын 13  миңден ашык учуру катталып, үч бала каза тапты

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкөдө жыл башынан бери кызамык оорусунун 13 миң 475 учуру катталган. Алардын 1314ү чоңдор, 12 миң 161и балдар. Анын ичинен 9067си төрт жашка чейинки бөбөктөр. Бул статистиканы 13-ноябрда Республикалык иммунопрофилактика борбору жарыялады. 

Мекеменин маалыматында быйыл илдеттен үч бала чарчап калганы айтылат. 

Ооруну жугузгандар эң көп Бишкек шаарында катталган. 

Кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөөнүн алкагында 6-ноябрга карата 60 миң 295 бала эмдөөдөн өттү.

Республикалык иммунопрофилактика борбору былтыр илдеттин 7046 учуру катталып, тогуз бала оорудан чарчап калганын маалымдады. Арасында беш айлык ымыркай бар.

Кызамык - аба аркылуу жугат. Илдет эмдөө албаган же иммунитетти начар адамдарга бат тарайт. Бир адамдан аны менен байланыш түзгөн ондогон адам илдетти жуктуруп алышы мүмкүн. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө абаны булгайт. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер ооруйт. Инкубациялык мезгили 16-21 күн.

Автор: Улукбек кызы Асем > 380 макала