БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча эл аралык олимпиадада 25 медаль жеңишти

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча эл аралык олимпиадада 25 медаль жеңишти

Билим берүү министрлиги тараткан сүрөт

Кыргызстандык 25 мектеп окуучу биология боюнча Mendel’s Biology International Olympiad 2024 олимпиадасында үч алтын, жети күмүш жана 15 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабаралады. 

Олимпиада дистанттык түрдө сегиз өлкө арасында өтүп, жалпы 166 окуучу катышкан. Кыргызстандан 50 окуучу ат салышкан.

Жыйынтыгында Казакстан - 43 медаль, Кыргызстан – 25, Монголия –17, Орусия – 8 медаль жеңген. 

2023-жылы аталаган эл аралык олимпидадан кыргызстандык окуучулар 23 медаль жеңген болчу. Анын ичинен бешөө алтын медаль тагынган.

 

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала