БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандын муфтийи болуп Абдулазиз Закиров дайындалды

Кыргызстандын муфтийи болуп Абдулазиз Закиров дайындалды

Сүрөт: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайы өтүп, анда Абдулазиз Закиров Кыргызстандын муфтийи болуп дайындалды.

Абдулазиз Закиров 45 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Түркиянын Стамбул шаарынан билим алган.

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Эске салсак, Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев 26-январда өз калоосу менен кызматтан кеткен. Ал Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчылыгына 2021-жылы июнда шайланган.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей