БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгарган завод курулат
Министрлер кабинети өлкөдө тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдыктарын чыгарган завод куруларын билдирди. Маалыматка караганда, курулуш иштери ушул жылдын жай мезгилинде башталат.
Заводду курууга жалпы аянты 10 гектар жер бөлүнөт. Ал үчүн "Akplas" түрк компаниясы менен меморандумга кол коюлган. Долбоордун биринчи этабында 10 млн доллар инвестиция салынат. Курулуш иш толук сегиз ай аралыгында жыйынтыкталып, ишке берилери күтүлүүдө.
"Akplas" компаниясы алгачкы этапта дыйкандарды окутуу иштерин жүргүзөт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев бул долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, ага улуттук долбоор макамы берилерин кошумчалады.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat