БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу бир жумадан кийин башталат

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу бир жумадан кийин башталат

Сүрөт: президенттин администрациясы

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун расмий курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда билдирди. 

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору буга чейин ондогон жылдар бою текчелерде чаң басып келген. Биз бул долбоорго киришкенибизде ага ишенбегендер, атүгүл бул жолду куруу “жомок” деп шылдыңдап күлгөндөр болду эле. Азыр ал жомок эмес экенине, ишке ашып жаткан кадимки долбоор экенине баарыңыздар күбө болуп жатасыздар. 27-декабрь күнү бул жолдун расмий курулуш иштери башталат. Бул жол Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болот. Соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат" .

Бишкекте сентябрь айында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу"  ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын " Кыргыз темир жолу"  мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын "Узбекистон темир йуллари" акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.

Темир жолдун курулушуна болжол менен 4 млрд 665 млн доллар сарптала турганы эсептелген. Анын 2 млрд 332 млн доллары насыя түрүндө алынат. Калган сумманын 51 % Кытай каржылайт, Кыргызстан менен Өзбекстан 573 млн доллар каражат бөлүшү керек. 

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала