БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кызыл-Суунун оюлган жолу качан оңдолот?

Кызыл-Суунун оюлган жолу качан оңдолот?

Сүрөт: "Т-Медиа"

Кара-Суу районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Суу айылына алып баруучу жолго көңүл бурулбай жатканына айыл тургундары нааразы. Айылдын аксакалдары “бул жолдун оңдолгонун көрбөй кетебизби” деп арыздарын айтышууда.

Ош шаарынан 64 чакырым алыстыкта жайгашкан Кызыл-Суу айылында 5000ге жакын калк жашайт. Аймакка алып баруучу жолдун 25 чакырымга жакыны начар абалда. Жаз-күздө жаандан улам жолдор бузулуп, элдер суткалап жолдо калып кетишет. Башка мезгилде деле абал жакшы эмес экен.


“Эч ким деле караган жок. Айрыкча быйлыл жаан-чачын жылдагыдан көп болуп жолубуз аябай начар абалда калды. Биз Жогорку Кеңеш, президентке чейин бир эмес бир нече ирет кат жолдодук, жеттиби-жетпедиби билбейбиз. Бир дагы депутат бизден кабар алган жок. “Жолуңар кандай, элиңер кандай, жериңер кандай?"-деген эч ким жок. Өзү Кара-Суу районунда үч эле депутатпыз, өгөй баладай эле болуп калганбыз",- дейт айыл тургуну Бекмамат Акматалиев.

 “Президентке чейин барып сүйлөп жүргөн Мамаев Жусуп деген киши барып кат таштап келген. Ал жактан кат келген “Оңдогула!” деп. Эми бул жактагылар айтса керек да оңдоп койдук деп аларга. Мен 68ге чыктым эч кимисин көрбөдүм бул жака басып да келгенин. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бул жакты көргөн да эмес да. Картадан ушул жакта эл бар экенин билиши мүмкүн. Элдин көйгөйүн ошолорго эч эле жеткизе албай койдук",-дейт айыл тургуну Турсунамат Ысаков.

Чоң-Арыктан бери 3-5 км асфальт болот деп сүйүнттү эле. Үч километр эмес бир метр да асфальт жок. Айрыкча Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө кошулгандан бери "тупикте" калдык. Карабай да коюшту. Жолубуздун абалы бул, эми башкасын айтпай эле коёюн",-дейт айыл тургуну Рустамбек Бапыгулов.

Айыл тургундары бийликтин жардамын күткөндөн чарчашыптыр. Өздөрү акча чогултуп, жолду бир аз да болсо жакшыртууну пландашкан. Биз барганда ар бир түтүн үй бирден КАМАЗ шагыл төктүрүүгө камданып баштаган экен. Болгону анын трамбовкасына бийликтен жардам сураганы жатышат.

"Жакында Корок айылы шагыл төгүп баштайт. Ар бир үй бирден камаз шагыл төгүшөт. Мындан башка беш айыл бар. Ошолор улап кетсек канча чакырымга чейин төгүлөт билбейбиз, болгону бийлик бизге гредерин гана берип турса деген кайрылуубуз бар.”

Бул Жаңы-Арык-Кызыл-Суу тилкеси бешинчи категориядагы жолго кирет. Жыл башында жергиликтүү бийлик аны оңдоо быйылкы планга киргенин билдирген. Бирок жыл соңуна чыгып баратат, жумуш башталган эмес. Айыл өкмөт башчысы болсо кызматка жаңы келгенин жүйө кылып, жол кийинки жылы оңдолушун айтты. Бул үчүн тиешелүү тараптарга кайрылышкан.

"Бул жол жергиликтүү бийликтин карамамгына карабайт. Ички жолдор айыл өкмөтүнүн балансындагы жолдор. Менден мурунку айыл өкмөт да аракет кылып 5-10 киллометрди сүйлөшүп келишкен экен. Бирок, кандайдыр бир себеп менен быйылкы планга кирбей калыптыр. Кийинки жылкыга буйруса 5 километри кирет. Биз айылдын чыгаан инсандарынын бири Керим Турапов менен бирге министрге кирип чыктык”,-дейт ал. 

Биз материалды жасап жатканыбыз тууралуу кабар жеткенден кийин гана айылга жолду түздөгөнү техника кирип келди. Буга чейин жашоочулар да нааразылыкка чыгып үлгүргөн. 

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала