БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Лейлекте жашыруун иштеген диний окуу борбор аныкталды

Лейлекте жашыруун иштеген диний окуу борбор аныкталды

Т-Медианын коллажы

Баткен облусунун Лейлек районунда "Ан-Нисаа"диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиттети 11-июнда маалымадады. 

Аталган окуу борбор Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өтпөстөн,районундогу аялдарга  жана жашы жете элек өспүрүмдөргө диний сабактарды өткөргөндүгү аныкталды. Окуучулардын жалпы саны 60ка жакын аял болсо, анын 40ка жакыны жашы жете элек өспүрүмдөр.

 Учурда бул факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Лейлек районунун ички иштер бөлүмү менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Окуу борборунан алынган диний адабияттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

УКМК расмий каттоосу жок көмүскө иштеп жаткан ушул сыяктуу диний жайларга, билим берүү борборлоруна жана лекцияларга барбоо керектигин эскертет.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей