БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши каралууда

Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши каралууда

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бүгүн, 28-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда алты ай мурун камакка алынган 11 журналисттин иши боюнча кезектеги соттук отуруму уланууда. 

Райондук сотто 7-июнда баштапкы соттук угуу болуп, 14-июндан тарта иш каралып баштаган.

Ушу тапта тергөө абагында отурган Temirov Live жана "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков, "Алга Медианы" иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтү 8-августка чейин узартылган.

Журналисттердин иши буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук сотуна берилген. Бирок 10-майда ишти Ленин райондук сотуна жиберүү тууралуу токтом чыккан. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

28-майда Бишкек шаардык соту арызды карай баштап, бирок прокурордун "токтом даттанууга жатпайт" деген өтүнүчүнүн негизинде кийинкиге калтырган.

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган 11 журналистти 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ  аларга "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан. Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган.  

Автор: Т-Медиа > 361 статей