БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Лиффтеги кырсык: көп кабаттуу үй кимге таандык жана лифтти ким курган?

Лиффтеги кырсык: көп кабаттуу үй кимге таандык жана лифтти ким курган?

«Т-Медианын» коллажы

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү жаңы салынган көп кабаттуу үйдүн лифти аварияга учурап, бир адам каза тапкан. Милиция окуяны иликтеп жатат. Маркум үйдү курган компания менен келишимдик негизде иштеп жаткан.

 

Буга чейин аталган даректин жашоочулары маселесин айтып «Т-Медиага» бир нече жолу кайрылышкан. Алар куруучу компания турак жайды толугу менен бүтүрбөй, сапатсыз кылып тапшырып койгонун, ал эми лифт боюнча буга чейин бир нече жолу арызданышканын, бирок эч кандай жыйынтык болбогонун билдиришкен.Үйдү курган жана лифт койгон компаниялар тууралуу эмне белгилүү? 

Үйдү башка компания курган

Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттан турган үй «Голд Сити» ЖЧКсына таандык. Бирок аны «Дельта-Лот» компаниясы курган. 2017-жылы башталган курулуш 2020-жылы ээлерине тапшырылмак. Курулуш кечеңдеп, 2021-жылы гана батирлерин кемчиликтер менен алышкан. Турак-жай айрым талаптарга жооп бербегенине карабай, мыйзамсыз пайдаланууга берилген. Мындан улам Ош шаардык прокуратурасы  «Дельта-Лотко» эмес, «Голд Сити»компаниясына кылмыш ишин ачкан.

Юстиция министрлигинде «Голд Сити» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана негиздөөчүсү катары Токтосунова Уулкан Токтогуловна көрсөтүлгөн. Мекеме 2020-жылы кайра каттоодон өткөн. Бүгүнкү күндө турак жана турак эмес имараттарды куруу менен алектенет. 

tizme.gov.kg сайтынын маалыматына ылайык, жетекчиси Уулкан Токтосунова Бишкек шаарынын Жал-29 дарегинде жайгашкан 1036 шайлоо округунда катталган.  Салык кызматынын маалыматына ылайык, Уулкан Токтосунова 1980-жылдын 29-мартында туулган.

«Одноклассники» социалдык тармагында Уулкан Токтосунова аттуу колдонуучу дал ушул датада туулганын көрсөткөн. 

Биз «Голд Ситинин" мурдагы жетекчиси Кутман Шамырзаев менен байланышып, көп кабаттуу үйдү эмнеге башка компания курганын, лифт боюнча көйгөй эмнеден улам жаралып жатканын тактамак болдук. Бирок ал 2019-жылы компаниядан кеткенин айтып, суроолорго жооп берген жок. 

Лифтти орноткон компания түрк жаранына таандык

Ал эми көп кабаттуу үйдүн лифтин «Азия Лифт» жоопкерчилиги чектелген коому курган. teskep.com сайтынын базасындагы маалыматка таянсак, компания Бишкек шаарында жайгашкан. 2020-жылдан бери атайын багыттагы жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө менен алектенет. Директору жана негиздөөчүсү Якубов Алижан Ахматович. Бирок «Азия Лифт» 2022-жылдын сентябрында Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүп, ээси да алмашкан. Азыр фирмага Мустафа Башкурт  ээлик кылат.

2012-2015-жылдары ЖМКлар чагылдырган маалыматтарда Мустафа Башкурт аттуу адам Стамбулдагы түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин башкы катчысы болуп иштегени айтылат. 2022-жылы ал түрк инвестору катары атала баштаган. Ошол эле жылы жарык көргөн дагы бир жаңылыкта Мустафа Башкурт Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев менен жолугуп, жер алдында таштанды салуучу контейнерлерди жайгаштыруу системасын киргизүнү сунуштаганы кабарланат. Бул маалыматты ошол эле жылы мэриянын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгы да бөлүшкөн. 

Башкурт Мустафа «Азия Лифттен» сырткары дагы үч компаниянын ээси. Баары тең Бишкекте ишмердүүлүк жүргүзөт. 

  1. «Интернэшнл Консалтинг Агенттиги» жоопкерчилиги чектелген коому. Компания коммерциялык жана башкаруу боюнча кеңеш берет. Быйыл июнда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.
  2. «ПРОЛИФТ АЗИЯ»ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири. Фирма адистештирилбеген дүң баада кызмат көрсөтөт.
  3. Атайын багыттагы жабдууларды оңдогон жана техникалык тейлөө көрсөткөн «АУТУР АЗИЯ» ЖЧКсы.

Негизи эле жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн техникалык коопсуздугу канчалык сакталган эле? Тиешелүү мекемелер, жергиликтүү бийлик лифттеги кырсыкка дагы деле реакция кыла элек.

Автор: Т-Медиа > 354 статей