БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент коомдук башталышта иштеген кеңешчилери менен жардамчыларын кызматтан бошотту

Президент коомдук башталышта иштеген кеңешчилери менен жардамчыларын кызматтан бошотту

Садыр Жапаров

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров коомдук башталышта иштеген бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин кызматтынан бошотту. Мындай чечим президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынган.

Жалпы президенттин коомдук башталыштагы жети жардамчысы жана 19 кеңешчиси кызматтан бошотулган. Штатта үч гана кызматкер калганы айтылууда. 

Президенттик администрациянын 5-сентябрда тараткан маалыматына караганда, Жапаровдун расмий төрт кеңешчиси бар. Алар: Бекбосун Бөрүбашев, Чолпонбек Абыкеев, Арслан Койчиев жана Бектур Зулпиев. Мындан сырткары расмий Алмамбет Шыкмаматов, Азамат Абсатаров жана Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчылары экендиги жазылган

Болот Ибрагимов президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы, ал эми Сталбек Ахунбаев, Руслан Кыдырмышев, Эркин Тентишев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчилери болчу.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей