БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Өлкө башчы министрлерди таза иштөөгө чакырды

Өлкө башчы министрлерди таза иштөөгө чакырды

Сүрөт: Аскат Алагөзөв

Президент Садыр Жапаров 18-декбарда Жогорку Кеңеште министрлерди таза иштөөгө чакырып, ага көзү жетпесе эртелеп иштен кетүү керектигин эскертти. 

“Министрлерге айтаарым, араңарда мурдатан бери иштеп келе жаткандар барсыңар. Мурдакы заманды унуткула.Ар бир жетекчи мейли кайсы тармакта болбосун өз тармагыңарды ирээтке келтиргиле!Коррупциялык элементтерди, уурулуктарды туп тамыры менен жок кылгыла! Таза иштегиле! Таза, адилет иштегенге көзүңөр жепесе эртелеп эле арыз жазып кетип калганыңарөзүңөргө жакшы болот”.

Бүгүн, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, төраганын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыков дайындалып, парламентте ант беришти. 

Мындан сырткары буга чейин дайындалган бир катар министрлер да ант беришти. 

Автор: Осмонова Айдана > 797 макала