БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Президент селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Ош шаары/14.07.2024

Президент Садыр Жапаров Оштогу селден каза болгон жакындарына көңүл айтып, табийгый кырсыктан жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал 17-июлда "Кабар" маалыматтык агенттигине курган маегинде айтты.

Өлө башчы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго комиссия түзүп, текшерүү тапшырмасы берилгенин белгиледи. Муну менен катар жарандарды турак жайларын камсыздандырууга үндөдү. 

"Билесиздер, акыркы үч жыл ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникаларын толук жаңыртып бүттүк. Былтыртан бери эле алгылыктуу иштер башталды. Эми бүткүл республика боюнча бир эле жылда бардык аймактарда селдин алдын алчу жерлерди бүтүрүп салыш кыйын да. Кудай буюрса, жыл сайын курулуш иштерин жүргүзүп олтуруп, келечекте бүтүрөбүз. Мындай алдын алуу иштери тынымсыз уланат. Ал эми селден жабыркагандарга келе турган болсок, албетте, мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт. "Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле" деп Акылбек Үсөнбековичти (Жапаров) жибергем. Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүш керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле", -дейт Жапаров. 

 

Беш адамдын өмүрүн алган сел 

14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - апасы жана анын үч кызы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Ал эми бешинчи жаранды Ош шаарынын борбордук базарынан сел алып кеткен. Баарынын тең сөөгү табылды.

Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган. Бир нече автоунааны сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Бир катар жарандар үй-жайсыз калган.

Ушу тапта селдин кесепетин жоюу, келтирилген чыгымды эсептөө иши уланууда.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей