БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Лукашенко 2025-жылы шайлоого барарын билдирди

Лукашенко 2025-жылы шайлоого барарын билдирди

Сүрөт: Sputnik

Александр Лукашенко Беларуста 2025-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын билдирди. Ал муну менен эң негизги саясий жарышка сегизинчи жолу катары менен ат салышат.

Лукашенко жекшембиде шайлоо тууралуу суроого жооп берип жатып, оппозициячылар тууралуу пикирин билдирди.

«Абал канчалык оор болсо, алар коомубузду ошончолук козутууга тырышат... алар сизди, мени жана коомду канчалык козутса, мен бул шайлоого ошончолук тезирээк барам», - деди Лукашенко.

Жекшембиде Беларуста парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Ага жалаң Александр Лукашенконун саясатын колдогон партиялардын өкүлдөрү катышты. Шайлоо эл аралык байкоочуларсыз өттү.

Парламенттеги 110 орун үчүн 265 адам талапкер болгон.

Литвада бозгунда жүргөн беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская элди шайлоого бойкот жарыялоого үндөгөн.

Автор: Т-Медиа > 384 макала