БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Маданият министрлиги "Клооптун" кыргыз тилиндеги сайтын бөгөттөөнү чечти

Маданият министрлиги "Клооптун" кыргыз тилиндеги сайтын бөгөттөөнү чечти

Сүрөт: "Клооп"

Маданият министрлиги "Фейктер"  жөнүндөгү мыйзамдын негизинде "Клооп" басылмасынын кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөө чечимин кабыл алды.  Редакциянын маалыматына караганда, аларга аталган министрликтен кат келген. 


 

"kloop.kg сайтынын барагы "Политик Равшан Джеенбеков заявил, что его пытают в СИЗО-1" деген аталыштагы анык эмес (жалган) маалыматты жарыялагандыгы үчүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Аталган сайт баракчасынын ээси "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын 3-беренесине ылайык, сайттын же баракчанын ээси сайт же сайттын баракчасы убактылуу токтотулган мезгилде, интернет тармагына жаңы сайт же сайттын баракчасын ачууга укугу жок. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Министрлик ky.kloop.asia сайтын "УКМКнын көрсөтмөсү. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады" деген материалдан улам ишмердүүлүгүн токтотууну өтүнөт",- деп жазылган Маданият министрлигинин катында. 

 

Буга чейин "Клооптун" орус тилиндеги сайты бөгөттөлгөн. Буга "Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады" деген материалы негиз болгон.  УКМК макаланы "чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп эсептеп Маданият министрлигине кайрылган. 

 

Аталган басылманы жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы 28-августта борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна кайрылган. Анда доонун себеби катары басылма «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган.

 

"Медиа полиси институтунун" юристтери менен Кыргызстандын медиакоомчулугу шаардык прокуратуранын доо арызынын «күчү жок» деп эсептеп,  бир катар эл аралык уюмдардын катарында эле республиканын бийлигине кайрылып "Клоопко" карата куугунттукту токтотуп жана доо арызды кайтарып алууга чакырууда. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей