БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мадумаров журналисттерге чыккан өкүмдү сындады

Мадумаров журналисттерге чыккан өкүмдү сындады

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров журналисттерге чыгарылган өкүмдү сынга алды. Ал бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда  телеграм баракчасына жазды. 

Мадумаров анда, Ленин райондук сотунун өкүмүн угуп катуу жийиркенгендигин, өкүнгөндүгүн айткан.

“Биз кандай элге айландык? Кайсы доорго түшүп калдык? Кыргыз тарыхында качан эле айткан сөзүң үчүн абакка отургузулуп, өз көз карашың, ишенимиң үчүн жазаланган элек? Качан эле биздин төкмө акындардын тили кесилген эле? Качан эле акындар сөзүн айтаарда эки жакты карап, жалтаңдап калган күнгө жеткенбиз? Кай заманда ушундай оор сыноолорду башыбыздан өткөргөн элек?”- деген Мадумаров.

Экс-депутат акыркы эки жылда Кыргызстанда ой жана сөз эркиндигине кысым күндөн-күнгө күчөгөндүгүн, “бийлик элди жапырт коркутуу жолуна түштү”деген пикирин билдирген. 

Эске салсак, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту   "Temirov Live"жана "Айт, айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан.

Мындан тышкары "Алга Медианы" иштетип жаткан Актилек Капаров жана "Temirov Live" редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева коюлган айыптар боюнча күнөөлү деп табылып, үч жылга пробациялык көзөмөл менен бошотулган.

Андан башка жети журналистке карата козголгон иштерде кылмыштын курамы жок деген негизде акталышкан. Алар "Temirov Live" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев, Сапарбек Акунбеков, журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевдер.

Журналисттердин жапырт кармалышы

Быйыл 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров Live" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ журналисттерге "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров Live" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев, Сапарбек Акунбеков да эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган.

26-сентябрдагы соттук отурумда прокурорлор менен адвокаттардын жана айыпталуучулардын жарыш сөзү болуп бүткөн. Анда мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сураган.

Журналисттер эч кимди массалык башаламандыкка үндөбөгөнүн, аларды кармоо учурунда укуктары бузулганын, алар болгону  кесиптик ишмердиги менен алектенип келишкенин айтышкан. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттары журналисттерге коюлуп жаткан айыптар тергөөдө жана сотто аныкталбаганын, кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарга жасалган экспертизалардын корутундулары туура эмес экенин маалымдаган.

Автор: Осмонова Айдана > 645 статей