БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Майра Керим кызынын элесине арналган айтышта баш байгени Мамбеттокто Мамбеторозо уулу жеңип алды

Майра Керим кызынын элесине арналган айтышта баш байгени Мамбеттокто Мамбеторозо уулу  жеңип алды

Сүрөт: Internews Kyrgyzstan

"Билим Айтыш" долбоорунун алкагында төкмө акын Майра Керим кызынын элесине арналган айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чара 5-ноябрда Бишкекте болуп, баш байгени Мамбеттокто Мамбеторозо уулу алды. Ал эми экинчи орун Кубат Тукешовго ыйгарылды. Үчүнчү орунда Нурсултан Малдыбаев ээледи. 


 

 "Ойчул акын"  номинациясына - Баян Акматов менен Айсаба Базарбай кызы татыды.  "Нарктуу акын"  номинациясыны жеңүүчүсү Мамбеттокто Мамбеторозо уулу болду. "Чечен акын" номинациясын Турат Жумаев алды.  "Агартуучу акын" номианциясында жеңүүчүлөрү - Мамбеттокто Өмүр уулу жана Жамайка Токонова болду. "Даанышман акын" номинациясыны жеңүүчүсү Кубат Тукешов, "Жаңы жүз" номинациясынын жеңүүчүсү Айнара Батырбек кызы болду. Ал эми "Эл сүймөнчүгү" номинациясыны жеңүүчүсү Нурсултан Малдыбаев болду.

 

Төкмө акындардын айтышы жыл сайын өткөкөрүлөт. Иш-чараны Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму, Музыка ишмерлер бирикмеси жана Кыргыз улуттук "Манас" театры "Билим Айтыш" долбоорунун алкагында демилгелеп келет.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей