БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мамкурулуш ARTWIN курулуш компаниясынын лицензиясын убактылуу токтотту

Мамкурулуш ARTWIN курулуш компаниясынын лицензиясын убактылуу токтотту

Сүрөт интернеттен алынды

Мамлекеттик курулуш агенттиги 9-октябрда Оштогу 16 жаштагы өспүрүм 13-кабаттан кулап каза болгон окуядан кийин "Артвин групп Кейджи" ЖЧКнын лицензиясын убактылуу токтотту.

Мындай чечим, курулуш учурундагы коопсуздук эрежелерин бузууга байланыштуу кабыл алынган. Компания териштирүү иштерине аяктаганга чейин, курулуштарын токтотуп турушу керек болот. 

5-октябрда Ош шаарындагы курулуш жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн 13-кабатынан 16 жаштагы студент кулап, каза тапкан. Маркум Өзгөн районунун Куршаб айынын тургуну эле. Окуя болгон күнү ал өзүнүн эки жердеши менен убактылуу курлуштун калдыктарын тазалап иштеп жаткан. 

Кырсык болгон үйдү ARTWIN курулуш компаниясы Жеңишбек Шамшиев-1 көчөсүндө куруп жатат.  

Аталган курулуш компания окуя боюнча комментарий берген эмес.

Ош шаарында буга чейин көп кабаттуу үй курулуштарында коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан, жумушчулар кулап каза болгон учурлар катталган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей