БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мамкурулуш Оштогу мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин жарыялады

Мамкурулуш Оштогу мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин жарыялады

Видеодон скриншот

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ош шаарында өз билемдик менен курган жана курууга уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялады. Алардын аталыштары жана сүрөттөрү мекеменин "Фейсбук" баракчасында видео катары жайгаштырылды. 

Тизмеде Ош шаарында салынып бүткөн, курулуп жаткан 17 турак-жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары келтирилген. Мамкурулуш агенттиги жарандарды соттук териштирүү иштери аяктаганга чейин жана соттун чечими чыкканга чейин аталган объектилерден турак жай сатып албоого чакырды.

Мекеме буга чейин ишисот органдарына өтөрүлүп берилген Бишкектеги 38 объектинин тизмесин жарыялаган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей