БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Мамкызматка баргандарга ант берүүнү милдететтендирүү сунушталууда
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди жумушка кирерде ант берүүгө милдеттендирүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев сунуштаган.
Мыйзам долбоорунун маалымат-негиздемесинде мындай сунуш мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттин жана элдин алдындагы моралдык жана адеп-ахлактык жоопкерчилигин күчөтүү максатында иштелип чыкканы айтылат.
Ошондой эле документте 2016-жылдагы мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ант бере турганы жазылганы менен, азыр иштеп жаткан мыйзамда мындай талап жок экени айтылат.
Мындан сырткары биринчи жолу кызмат ордуна киришип жатып, кызматчы тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык органдын жетекчилигинин жана кызматчыларынын алдында төмөнкүдөй ант бере турганы жазылган:
"Мен, .................. Кыргыз Республикасынын жараны, .............................. кызмат ордуна киришип жатып Кыргызстандын элинин алдында өзүмдүн жогорку жоопкерчилигимди түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин орундоого, өз милдеттеримди ак ниет жана берилгендик менен аткарууга жана Кыргызстандын элине бүткүл билимиме жана берилгендигиме ылайык кызмат кылууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексинин ченемдерин сактоого салтанаттуу ант беремин. Берген антымды бузганым үчүн белгиленген жоопкерчиликти тартууга даярмын", - деп айтылат долбоордо.
Ант берүүчү анттын текстине кол коёт жана аны кабыл алган датаны көрсөтөт. Ошондой эле ант адам кызматка киришкен учурдан тартып жети жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш экини жазылган.
Автор: Боромбаев Максат > 128 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat