БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

Президент Жапаров кыргызстандыктарды  Ак калпак күнү менен куттуктады

Интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады. 

Өлкө башчы өз куттуктоосунда улуттун улут катары сакталып, андан ары өнүгүүсү ошол улуттун тили, нарк-насили, тарых-таржымалы жана маданияты менен түздөн-түз байланышта экендигин белгилеген.

"Ак кар-көк муз жаткан аскар тоонун элесин чагылдырган ак калпак баштаган улуттук кийимдерибиз дал ушул кыргыз маданиятынын ары көөнө, ары сыймыктуу, ары маанилүү, ары ыңгайлуу элементи экени талашсыз. Бекеринен "Ак калпак кыргыз" деп айтылбаса керек. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда да ар бир кыргыз баласын ак калпаксыз элестетүү мүмкүн эмес", -деген Жапаров.

Мындан сырткары президент ак калпак ата-бабадан калган тарыхый мурас, ошону менен бирге кийинки муундар үчүн дагы мааниси зор таберик экендигин айткан. 

Кыргызстанда Ак калпак күнү 2011-жылдан баштап бейрасмий белгилене баштаган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп бекитилген.

Автор: Осмонова Айдана > 650 статей