БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кайра шайлоолордун чыгымы 66 млн сомго жетти. Графика

Кайра шайлоолордун чыгымы 66 млн сомго жетти. Графика

Интернеттен алынды

22-сентябрда Сузакта Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот. Муну менен өлкөдө бир мандаттуу жетинчи округда шайлоо өтүүдө.

Кайра шайлоолорду өткөрүү бир топ каржылык чыгымды жаратууда. Алсак, Борбордук шайлоо комиссиясы Сузактагы өнөкөтүккө 12 млн 216 миң 800 сом каралганын маалымдады. Ал эми соңку Ноокат, Ысык-Көл округдары боюнча чыгымдар 21 млн 748 миң сом деп эсептелген. 

Жалпылап алганда БШК жети округдагы мөнөөтүнөн мурда шайлоого 66 млн 20 миң 100 сом сарптайт.

Мандатынан ажыратылган жана алардын ордуна келген депутаттар

Ушул күнгө чейин жогорудагы тизмеден сырткары ар кандай жагдайда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын тогуз депутаты мандатынан ажыратылды. Алар: Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев, Абдыбахаб Боронбаев, Адахан Мадумаров, Эмилбек Жусупов.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей