БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Манас" аэропорту: жаңы учактын билет баасы сатып алынган орундарга жараша өзгөрөт

"Манас" аэропорту: жаңы учактын билет баасы сатып алынган орундарга жараша өзгөрөт

Сүрөт интернеттен алынды

"Манас" эл аралык аэропорту "Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясынын билеттери эмнеге кымбат болуп жатканына комментарий берди. Мекеменин басма сөз катчысы Алена Хоменко билеттин наркы сатып алынган орундардын санына жана суроо-талапка карап өзгөрүшү мүмкүндүгүн айтат.

"Билеттин баалары динамикалык бааларга байланыштуу. Канчалык көп орун брондолсо, суроо-талаптын өзгөрүшүнө жараша баалардын өзгөрүү ыктымалдыгы ошончолук жогору болот".

Мисалы, компаниянын сайтынан 27-сентябрга карата Ош-Бишкекке билет табылган жок. Ал эми 28-сентябрга ушул эле багытка үч орундун баасы төмөндөгүдөй: 

- "суперэконом" — 3200 сом; 

- "толук эконом" — 3700 сом;

- "флекс эконом" — 4200 сом.

Бул авиакомпания ачылганда ички каттамдарга билет баасы арзандап, Бишкектен Ошко, Раззаковго, Баткенге 3300 сом, ал эми Жалал-Абад, Казарман, Кербенге 3100, Таласка 2100 сомдон баштала турганы айтылган. Бирок, эки күндөн бери соцтармакта Бишкек-Ош каттамына билеттер ушул эле "Асман Эйрлайнста" 5000 сомдон чыгып жатканы жазылып жатат. 

"Асман Эйрлайнс" - Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик авикомпаниясы. Ага Канададан Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак алынган. Кыргыз өкмөтү алдыда дагы үчөө сатылып алынарын билдирген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей