БАШКЫ БЕТ > Фактчек

Мандатты белекке берсе болобу? Текшеребиз

Мандатты белекке берсе болобу? Текшеребиз

видеодон скриншот алынды

"Менин ордум Жогорку Кеңеште куда кааласа. Өзүмүн мандатымы өзүмүн акеме белек кылып тапшырдым". 

Бул видео 21-ноябрда социалдык тармактарда тарады. Анын кайсы жакта тартылганы белгисиз. Тасмада Оштун Кара-Суу районун Тельман айылы жана "Эмгек" партиясы тууралуу сөз болот. Мандатын белекке берип жаткан киши аталган партиянын күрмөсүн кийип алган. 

"Менин ордум Жогорку Кеңеште куда кааласа. Өзүмүн мандатымы өзүмүн акеме белек кылып тапшырдым. Эч качан башыңызды ылдый түшүрбөңүз. Мен үч жолу депутат болдум. Мени шайлаган элдердин баарына ыраазымын", -деп сүйлөгөн видеодогу жаран. 

Видео социалдык тармактарда тез тарап, кызуу талкууга алынды. Негизи мандатты белекке берсе болобу? Буга мыйзам жол береби? БШКнын бул тууралуу пикири кандай? Биз бул суроолорго жооп издедик. 

Видео elnur.0091 аттуу аккаунт аркылуу тараган. Бирок азыркы тапта бул аккаунттун баракчасынан соц тармакта чуу жараткан видеонун таба алган жокпуз. Аккаунт ээси Акылбеков Элнур "Эмгек" партиясы менен шайлоого аттанган видеолорун баракчасына бөлүшкөн. 

"Эмгек" партиясы Кара-Суу шаардык кеңешине болгон шайлоого 27 талапкердин тизмесин тапшырган. Элнур Акылбеков тизмекте 23-орунда. 

БШК эмне дейт? 

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абыжапар Бекматовдун айтымында, талапкерлер орун алмашууга макулдук берсе, партия шайлоо жыйынтыкталып, мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин алардын ордун алмаштырып койгонго укугу бар. Бирок аны да саясий партиянын жогорку органы өзүнүн чечими менен бекитип бериш керек. Муну юристтер да бышыктайт. 

"Эгерде жеңип чыккан талапкер депутат болууну каалабаса, ал баш тартканга укуктуу жана ал тизмеде болгон болсо мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин алмашса болот. Талапкер эмес кишиге, анан белек катары өткөрүп бергенге эч кимдин укугу жок. Мандатты алчу адам сөзсүз түрдө талапкер катары катталган болуш керек. Бул жерде дагы бир нерсени белгилеп айтып коюш керек. "Бир жыныстагы адамдардын 2%дан ашпаш керек" деген норма ушул жерде да иштейт. Мисалы, жалаң эле эркектер же аялдар болуп калбаш керек. Бир жыныстагы жарандан кийин сөзсүз башка жыныстагы талапкер жайгашат. Башкача айтканда эки эркектен кийин бир аял". 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, талапкер мандатын каалаган адамга өткөрүп бере албайт. Тандалган талапкерлер каттоодон өткөндөн кийин тизме акыркы болуп саналат жана аны өзгөртүүгө болбойт. Эгерде мандатка ээ болгон адам өз ыктыяры менен мандатынан баш тартуу жөнүндө арыз жазса жана партиянын талапкерлеринин тизмесинен чыккан учурда кызматтан баш тартууга болот. Анын орду кийинки талапкерге берилет.

Буга чейин БШК бул видео "Эмгек" партиясынын Кара-Суу шаарындагы штабында тартылганын, тизмекте 23-орунда турган Элнур Акылбеков 2-орундагы  Мирланбек Абдикаримовду мандатка ээ болушу менен куттуктаганын маалымдаган. Мындан тышкары Акылбековдун айткандары тамаша болгонун жана эки талапкердин туугандык байланышы жок экенин кошумчалаган

Биз чуу жараткан видеонун каармандарынан комментарий ала алган жокпуз. Редакция аларга микрофон сунууга даяр. 

Эске салсак, 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Кара-Суу шаардык округунан төрт партия ат салышкан. 

Жыйынтык: мандатты белекке берүүгө мыйзам жол бербейт. Бирок шайлоо өтүп, мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин партия мүчөлөрүндө макулдашып орун алмашууга мүмкүнчүлүк бар. 

Автор: Т-Медиа > 385 макала