БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бажы кызматы: Матраимов менен байланышы бар 58 кызматкер кызматтан алынды

Бажы кызматы: Матраимов менен байланышы бар 58 кызматкер кызматтан алынды

Сүрөт: "Говори тв"

Мамлекеттик бажы кызматында иштеген 58 кызматкер кызматтан алынды. Алар мекеменин мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон. Бул тууралуу 6-декабрда "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн жыйында бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди. Бирок алардын аты-жөнүн ачыктаган жок.  

 

Анын айтымында, иштен алынган кызматкерлердин арасында чечүүчү кызматта тургандар, орун басарлар, башкы инспекторлор да болгон. Исабеков бул маселе боюнча 2022-жылдан бери териштирүү иштери жүрүп жатканын белгиледи. 

"Дагы кошумча иликтөөлөр жүрүп жатат. Түздөн-түз тиешеси, кыйыр тиешеси бар адамдар бар. Алардын баары толук иликтенип, жакынкы күндөрү толук жыйынтыгы чыгат", -деди ал. 

Буга чейин Ташиев Матраимов, Көлбаев менен байланышы бар делген мамлекеттик 202 кызматкер иштен алынганын билдирген. Алардын арасында бажычылар да бар экенин белгилеген. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей