БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суу менен Баткенде кайра шайлоо 28-апрелде өтөт

Кара-Суу менен Баткенде кайра шайлоо 28-апрелде өтөт

Интернеттен алынды

Кара-Суу жана Баткендеги бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 4-мартта кол койду. 

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Аталган округдарда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары Нурлан Ражабалиев менен Искендер Матраимовдун ордуна эл өкүлү шайланат. 

Матраимов 2021-жылдагы шайлоодо Кара-Суу районунан, Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген. 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы аларды мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыраткан. 

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. Ал эми Нурлан Ражабалиев мурда Бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон. 2021-жылы 27-январда "Коррупция" беренеси боюнча соттолгон. Ага Райымбек Матраимовдун коррупция боюнча ишинде айып тагылып, чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык 260 миң сом төгүп берген. 

Бул ишке байланышы бар делип, Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом төлөгөн. Ал да 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган болчу.

Автор: Осмонова Айдана > 650 статей