БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Медициналык камсыздандыруу полисинин төлөмү жашоо минимуга карата көтөрүлөт

Медициналык камсыздандыруу полисинин төлөмү жашоо минимуга карата көтөрүлөт

Сүрөт: "Manas.news"

Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Максат Сарбагышев ооруканага жатуу үчүн 2980 сом төлөнүүчү социалдык төлөм бүгүнкү күндө 14 миң 500 сомго көтөрүлгөнүн айтып чыккан. Эл өкүлү мындай сумманы эл көтөрө албасын айтып, көпчүлүк жарандар медициналык камсыздандыруудан өтүү боюнча билбей турганын белгилеген.

 

"Т-Медиа" эмне себептен социалдык төлөм көтөрүлгөнүн жана камсыздандыруу полисин кантип алууну түшүндүрүп берет. 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орун басары Клара Өскөнбаеванын маалыматына караганда, полиси жоктор өздөрү жашаган аймактагы ооруканаларга жатып дарылануу үчүн 8400 сом төлөшөт. Ал эми депутат айтып жаткан сумма Улуттук госпиталдарга барганда төлөнүшү керек. 

Ал эми полистин суммасы жашоо минимуна жараша көтөрүлөт. Былтыры жарандар полис үчүн бир жылга 1504 сом төлөм жүргүзсө, быйыл бир жылга 1722 сомдү түздү. Бирок сиз полиске төлөө менен биргеликте дарыланууга барганыңызда ооруканага кошумча төлөм жүргүзөсүз. Эгер, бейтап терепиялык дарыланса 840 сом, ал эми хирургиялык болсо 1090 сом төлөйт. Эгерде, улуттук борборлорго барып дарылансаңыз кошумча төлөм 1160-1510 сомду түзөт. 

Мындан сырткары эгерде сизде камсыздандыруу полисиңиз бар бирок, врачтын жолдомосу жок болсо максималдуу деңгээлдеги төлөмдү төлөйсүз. Тактап айтканда 8400 сомдон 14310 сомго чейинки сумманы беришиңиз керек болот. 

Камсыздандыруу полисин кантип алса болот?

Камсыздандыруу полисин Мбанк тиркемси аркылуу онлайн алса да болот. Ал үчүн тиркемеге кирип, кызматтар бөлүмүн тандоо керек. Андан кийин ал бөлүмдө популярдуу жана башка деген бөлүк чыгат.

 Андан кийин ал бөлүмдө популярдуу жана башка деген бөлүк чыгат. Сизде эгерде популярдуу бөлүгүнөн "Полис ОМС" деген чыкпаса "башка" деген бөлүктү тандаңыз.

 

Ал жерден сиз "Полис ОМС" дегенди тандап, өздүгүңүздү тастыктаган ИННди киргизесиз. Мындан сырткары сиз полис үчүн төлөмдү  "Оңой",  "Pay24", "QuickPay" терминалдары аркылуу төлөсөңүз болот. Камсыздандыруу полиси беш күндөн кийин күчүнө кирет. 

Кыргызстанда быйыл 80 миңге жакын жаран камсыздандыруу полисин алган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей