БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тил комиссиясынын төрагалыгына Мелис Мураталиев дайындалды

Тил комиссиясынын төрагалыгына Мелис Мураталиев дайындалды

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп Мелис Мураталиев дайындалды. Тиешелүү тескемеге  президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы 5-мартта билдирди.

Мурдагы төрага Каныбек Осмоналиев башка ишке өткөнү айтылды. Ал бул кызматка 2022-жылдын май айында келген. 

47 жаштагы Мелис Мураталиев "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси.

2021-жылы Садыр Жапаровдун буйругу менен Мамлекеттик тил комиссиясы президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы болуп түзүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей