БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Милиция: бычакталып каза болгон келиндин күйөөсү камакка алынды
Бишкекте бычакталып каза болгон 27 жаштагы келиндин окуясы боюнча "Мыкаачылык менен адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, күйөөсү камакка алынды. Бул тууралуу 18-ноябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка карганда шектүүнүн бөгөт чарасы Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып, камакка алуу чечими кабыл алынган.
Окуя 15-ноябрь күнү Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндө болгон. Анда 27-жаштагы бычак жеген келин ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Ооруканага бычактан алган жарааты менен маркумдун 34 жаштагы күйөөсү да жеткирилген. Милициянын маалыматына карганда, жубайлардын ортосунда чыр чыккан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстанда ушул жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганы айтылган.
Автор: Т-Медиа > 384 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat