БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Милиция Нурлан Мотуевдин кармалганын билдирди
Нурлан Мотуев "расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга" шектелип кармалды. Бул тууралуу 31-октябрда Бишкек шаардык милициясы кабарлады.
"Ал улуттун аз өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет желелери аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган",- деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, шаардык милициянын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Мотуевдин баракчасынан кастыкты козуткан видео аныкташкан. Ошондой эле тергөө иштеринин алкагында дайындалган экспертизага ылайык, улуттар аралык касташуунун лингвистикалык белгилери камтылганы айтылат. Буга байланыштуу Нурлан Мотуевге Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголуп, шардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин Ички иштер министрлиги Нурлан Мотуевге акчасын алдаткан адамдардын каражатын кайтарып берүүгө убада кылып, социалдык тармактардан видео кайрылуу жасап жатканы үчүн эскертүү берген.
2017-жылдын августунда Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыраткан. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ага "Терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "Улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.
Автор: Максат Боромбаев
Автор: Т-Медиа > 385 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat