БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Милиция “Социал-демократтардын” штаб башчысынын сүйлөшүүсү делген видео боюнча иш козгоду
"Социал-демократтар" партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген видео боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы 13-ноябрдын кечинде билдирди.
Шаардык милиция тараткан маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин "шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ал арада "Социал-демократтар" партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасындагы түз эфирде аны милиция суракка чакыргандыгын айтты.
Мунун алдында "Социал-демократтарды" Бишкек шаардык кеңешине шайлоого баштап бараткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев партиянын кеңсесине укук коргоо органдары келип, тинтүү жүргүзүп жатканын айтып "Фейсбуктагы" баракчасынан түз эфирге чыккан.
Буга чейин социалдык тармактарда Карамушкина жана Чолпонбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген видео тараган. Анда шайлоо иштеринин жүрүшү жана үгүтчүлөргө бөлүнө турган каражат тууралуу сүйлөшүп жатканы угулат.
Бул иш боюнча азырынча БШК комментарий бере элек.
Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына СДПК партиясынан депутат болгон.
Автор: Боромбаев Максат > 124 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat