БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Министр мугалимдерге ноутбук качан берилерин айтты
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева орто мектептердин мугалимдери үчүн бериле турган ноутбуктардын алгачкы партиясы 15-январда алынарын айтты. Бул тууралуу ал 30-декабрдагы маалымат жыйында кабарлады.
Министрдин айтымында, ноутбуктарды сатып алуудан алдын атайын жумушчу топ түзүлүп, мугалимдерге кандай компьютер керек экендигин аныктап, баалардын мониторинги жасалган. Кийин мунун негизинде тендер өткөрүлгөн.
"Тендер өткөн. Политехникалык университеттин алдындагы технопарк утуп алган. Журналисттик иликтөө жүргүзсөңөр болот. Бир да компьютер ала элекбиз. 15-январда алынат. Ал толугу менен келет. Ар бир келген ноутбуктар эки этаптуу текшерүүдөн өтөт. Учурда технопарк сигналдуу гана экземплярын чыгарган. Биз аны кабыл ала элекбиз", -деди Догдуркүл Кендирбаева.
Ноябрь айында президент Садыр Жапаров мугалимдерге ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго, Догдуркүл Кендирбаевага, министрликтин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага сөгүш берген.
Президент быйыл июль айында Кыргызстандын орто мектептеринин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыздоону тапшырган. Ага ылайык мугалимдердин 50% жыл аягына чейин, кийинки окуу жылында 100% ноутбук менен камсыздалары айтылган. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Догдуркүл Кендирбаева биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбук менен камсыздаларын билдирген.
Автор: Т-Медиа > 392 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat