БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Министрлик «Сапаттын» «Маариф» фондуна өткөнү боюнча комментарий берди
Билим берүү министрлиги "Сапат" билим берүү мекемеси "Маариф" эл аралык фондунун башкаруусуна өтүшү мекемелердин ишин үзгүлтүккө учуратпай турганын билдирди. Бул тууралуу ведомство 9-декабрда билдирүү таратты.
Министрликтин маалыматына ылайык, тарбиялануучулар, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун уланта берет.
"Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги аталган фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, "Сапат" билим берүү мекемелер тармагында билим берүүнүн сапатын азыркы деңгээлинен түшүрбөө, колдон келсе азыркыдан да жогору деңгээлге чыгаруу керектигин баса белгиледи", -деп жазылат маалыматта.
"Сапат" Түркиянын "Маариф" фондуна өткөнү жана негиздөөчүлөр алмашканы боюнча маалымат 31-декабрга караган түнү айтылган. 1-январда аталган билим берүү мекемеси бул чечим күтүүсүз болгонун, "юридикалык жана укуктук" нормалар сакталарын үмүт кылашарын билдирген.
"Маариф" фонду 2016-жылы түзүлгөн. 2021-жылы Бишкекте биринчи мектеби ачылган.
Түрк бийлиги Кыргызстандан диний аалым Фетхулла Гүленге таандык билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну талап кылган. Мындан кийин "Себат" билим берүү мекемелери "Сапат" болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat