БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

УКМК Имамидин Ташов боюнча билдирүү таратты

УКМК Имамидин Ташов боюнча билдирүү таратты

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Имамидин Ташов боюнча комментарий берип, ал коомчулуктун көңүлүн буруу максатында денесине өзү атайын залал келтиргенин билдирди. 

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 30-октябрда эрте мененки саат тогузда пландуу кыдыруу болгон. Ошол учурда Ташовдун курсагынан бычак сайылган эки жараат табылган. Тез жардам унаасы келгенге чейин ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин 4-шаардык ооруканага жеткирилген. Ал жерде Ташовдун абалы туруктуу деп бааланган. УКМК бул тууралуу прокуратурага кабарлап, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерин чакырган. Бирок ишкер алардын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартканы айтылды.

"Ташовдун камералашынын айтымында, анын жанында бир жолу колдонулуучу устара сакталып, анын кесепетинен денесине залал келтирген. Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, өз жанын кыюуга атайын даярданган. Имамидин Ташов 4-шаардык оорукананын хирург-дарыгери тарабынан кароо учурунда УКМКнын тергөө абагында кыйноолорго кабылгандыгын айтып даттанган. Бирок бул факт чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу атайын кызматтын тергөө абагынын периметри боюнча видеокөзөмөл камералары тастыктап турат", -деп жазылат маалыматта. 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен учурда Ташов № 21 тергөө абагына киргизилген. 

Мурдараак Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салганын адвокаты кабарлаганСамат Матцаковдын билдиришинче, ишкердин ичинин эки жери кескиленген. Күн мурун Имамидин Ташовдун апасы соттук отурумдан кийин баласы кыйноого кабылганын билдирген. 

Атайын кызмат Имамидин Ташов Казакстандан чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөн кийин, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын 22-апрелде кабарлаган. Ишкерге "бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган" деген айып коюлууда

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала