БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мүлктү камсыздандырууда кимдерге жеңилдиктер бар?

Мүлктү камсыздандырууда кимдерге жеңилдиктер бар?

"Т-Медианын" коллажы

Эми кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу полиси жок сата албайсыз. Демек, үйүңүздү, унааңызды милдеттүү камсыздандырышыңыз керек. Антпесеңиз өкмөт табигый кырсык болгон учурда сизге жардам бере албайт. Камсыздандыруу үчүн жашоочулар ким менен келишим түзөт? Ар бир мүлктү камсыздандыруу үчүн канча сом төлөш керек? Алдыда түшүндүрүп беребиз.

Министрлер кабинетинин 9-августта кабыл алган токтомуна ылайык, өлкөдө кыймылсыз мүлктү кайра каттатууда камсыздандыруу полиси талап кылынат. Бул сатууда, белекке берүүдө, мураска калтырууда же күрөөгө коюуда суралат. Турак жай камсыздандырылган болсо ар кандай кырсыктарда, сел, өрт жана башка күтүүсүз учурларда мамлекет чыгымды жаап берет.

 

Камсыздандырбаса эмне болот? 

Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам 2016-жылдан бери иштейт. Документ ар бир тургунду милдеттендирген менен аны аткарбагандар эч кандай жоопко тартылбайт. Бирок сиз үйүңүздү камсыздандырылбаса сата албай каласыз.

Кимге кайрылыш керек?

Кыймылсыз мүлкүн камсыздандыруу үчүн жашоочулар Мамлекеттик каттоо кызматына, Камсыздандыруу мекемесинин аймактардагы бөлүмдөрүнө барып келишим түзсө болот. Ал эми унааңызды сатууда ОСАГО (Автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полиси) полиси милдеттүү талап кылынат. Бул документ болбосо сиз унааңызды башка бирөөнүн атына өткөрө албайсыз. Анткени 2025-жылдын 1-январынан тартып, ОСАГО полиси жок автоунааларга айып пул салына баштайт. Унааны бир жылга камсыздандыруунун баасы - 2000- 5000 сомго чейин. Ал анын обьемуна карап төлөнөт. ОСАГО полисин мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан алса болот.

Кимдерге жеңилдик бар? 

1-2 топтогу майыптыгы барларга 100% жеңилдик, 3-топтогуларга, согуштун ардагерлеринин жесирлерине 50% дан жеңилдиктер берилет. Ошондой эле аз камсыз үй-бүлөөлөргө да 50%дык жеңилдик каралган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей