БАШКЫ БЕТ > инфографика

Кыргызстандан күмүштү эң көп Индия сатып алган. Инфографика

Кыргызстандан күмүштү эң көп Индия сатып алган. Инфографика

Интернеттен алынды

Улуттук статистка комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстан 2024-жылдын январь, февраль жана май айларында 22 тонна 479 килограмм күмүштү экспорттогон. 

Анын наркы 17,7 миллион долларды түзгөн. Эң көп Индия өлкөсү -  21 тонна 733,2 килограмм сатып алган. Ал эми 587 килограммын Гонконгго өткөрүшсө, Швейцария — 158,9 киллограммын сатып алган. 

2023-жылдын ушул мезгилине карата өлкөдөн 312,9 килограмм күмүш экспорттолгон.

Бул 2018-жылдан берки рекорддук көрсөткүч катары катталган.

Ал эми алтындан төрт тонна 234 киллограмм экспорттолуп, баасы 295, 2 млн долларды түзгөн. Алтынды басымдуу Гонконг сатып алган.

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала