БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейдде 89 миң сом айып салынды
Ош облусунда жаңы жылдык эс алуу күндөрү мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд жүргүзүлүп, 89 миң сом айып салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмү билдирди.
Рейд Ноокат районундагы Төөлөс айылында өткөрүлгөн. Натыйжада Жылгы-Сай учаскасында бир өрдөк атып алган жаран аныкталып, Укук Бузуулар кодексинин 263-беренеси менен 12 миң беш жүз сом айыппул салынды.
"Өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтомунун негизинде өрдөкө 1500 сом доо коюлду", - деп жазылган маалыматта.
Мындай рейд Кара-Суунун Кызыл-Суусунда жана Өзгөн районунун Мажунус участкасында да жүргүзүлгөн. Натыйжада аңчылык кылуу эрежелери жөнүндөгү 143-токтомдун 31-45-пунктун бузган алты жаран аныкталып, ар бирине протокол түзүлгөн.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat