БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Нарында жоголгон ата-баланы издөөгө дрондор тартылды
Жумгалда 15 күндөн бери мал кайтарганы кетип, дайынсыз болуп жаткан ата-баланы табууга учкучсуз учуучу аппараттар тартылды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 30-октябрда маалымат таратып, бул жабдыктар жетүүгө кыйын болгон жерлерди жана кеңири аймактарды изилдөөгө жардам берерин белгиледи.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-октябрда издөө иштерине 104 адам чыкканын билдирди. Ага укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар тартылган.
Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган.
45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан бери дайынсыз болууда. Жакындарынын айтымында, алар мал кайтарганы кетишкен. Ата-баланы 18-октябрдан тарта издеп баштаган. Натыйжа болбогон соң эртеси Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat