БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Нарында жана Ысык-Көлдө сел жүрдү

Нарында жана Ысык-Көлдө сел жүрдү

Сүрөт: ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-августта Нарын жана Ысык-Көл облустарынын бир нече айылында жамгырдан улам сел жүргөндүгүн билдирди. 

Нарында сел суулары Куржылга, Ичке жана Куланак коктуларында каптаган. Табигый кырсыкта Куланак айылындагы 42 турак үйдүн короо жайы, ички чарбалык жолдор, бир чарбалык көпүрө жабыркаган.

Жеринде ӨКМнин райондук бөлүмүнүн куткаруучулары тазалап жатат.

Ал эми Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы Сары-Камыш айылында сел жүрүп, 10 куткаруучу тартылган. Жеринен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев таанышып, каналдын жээктерин бекитүү тапшырмасын берген.

Мындан тышкары жергиликтүү басылмалар "Рух-Ордо" комплексин сел каптаганын жазышууда. Бирок, Өзгөчө кырдаалдар министринин облустагы бөлүмүнүн басма сөз катчысы маалыматты тастыктаган жок. 

Буга чейин Кыргызгидромет кызматы нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен. 

Быйыл өлкөдө сел жана башка кырсыктардан 25 адам каза тапты. Алардын жакындарына өкмөт 1млн сомдон бере тургандын маалымдаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей