БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК эки журналистти пара талап кылууга шектеп кармады

УКМК эки журналистти пара талап кылууга шектеп кармады

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөдөгү телеканалдардын биринде иштеген эки журналист кармалганын 10-июлда маалымдады. Алар кесиптик ишмердигинен пайдаланып, жарандардан акча талап кылганы аныкталганы айтылууда. 

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, журналисттер Ички иштер министрлигинин Кайгуул күзөт башкармалыгы менен чогуу жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга каршы рейдге чогуу чыгып, тартылган видеоматериалдар аркылуу мамлекеттик кызматкерлерди шантаж кылып келген. 9-июль күнү Ж.Н.А. жана И.T.M. 2000 доллар алып жаткан учурда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн карыздык милдеттенмелери бар экендиги жөнүндө кат жазууга мажбурлашып, унаасын күрөөгө алышкан. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган фактыга тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо боюнча зарыл болгон иш-чаралар комплекси жүргүзүлүүдө, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет", -деп айтылат маалыматта.

УКМК мындай фактылардан жабыркаган жарандар болсо (0-312)-62-05-85 телефон номерлери аркылуу кайрылууга чакырды.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей