БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокат: Медреседе 14 жаштагы бала киши колдуу болду

Ноокат: Медреседе 14 жаштагы бала киши колдуу болду

Сүрөт интернеттен алынды

Ош облусунун Ноокат районунда Мирмахмудов аймагындагы медреседе 14 жаштагы өспүрүм киши колдуу болуп каза болду. Бул тууралуу “Т-Медиага” 7-октябрда Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы кабарлады.

Маркум Куршаб айылынын тургуну болгон. Окуя 6-октябрда орун алган. 

Анда 16 жашар бала пикир келишпестиктен улам 14 жаштагы өспүрүмдү учтуу нерсе менен сайып жиберген. Натыйжада ал ооруканага жетпей, алган жараатынан каза тапкан. 

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык, экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат”- деп айтылат облусттук ички иштер башкармалыгынын маалыматында.

Кыргызстандын дин башкармалыгы каза болгон өспүрүм медресеге дем салдырууга барганын билдирип жатат. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей