БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ноокатта райондук милициянын жетекчиси иштен алынды
Ноокатта райондук милициянын жетекчисинин үстүнөн даттанган Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулу жумуштан кетти. Ал эми жетекчиси Талгат Өскөналиев кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим ИИМде маселени текшерүү үчүн түзүлгөн комиссиянын корутундусуна ылайык чыгарылган.
Мындан сырткары, Ноокат РИИБ башчысынын эки орун басары Алмазбек Исраилов жана Бактияр Абдиев, Ош ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Асан Сатаров, коомдук коопсуздук кызматынын инспектору Акжол Аскар уулу кызматынан төмөндөтүү менен алынды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурланбек Буркановго, орун басарларына, бир катар жооптуу кызматкерлерине эскертүү жана сөгүш берилген.
17-ноябрь күнү Тимур Абдисатар уулу социалдык тармактар аркылуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиев тарабынан куугунтукка кабылып жатканын айткан. Ал Өскөналиевди бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап, ага карата чара көрүп берүүнү суранган.
Бул боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы ички иликтөө иштери башталганын маалымдаган. Атайын комиссия түзүлүп, жүйөлөрдү жеринде текшерүү үчүн Ноокат районуна кеткен.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat