БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ноокаттык ютубер массалык башаламандык уюштурууга шектелүүдө

Ноокаттык ютубер массалык башаламандык уюштурууга шектелүүдө

Сүрөт интернеттен алынды

Ош облустук милициясы "За правду" ютуб-каналынын ээси А. К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) боюнча шектелүүдө. 

Мекеменин маалымдашынча, 5-июлда Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл аймагынын тургундары "ЮКЦ"  цемент заводуна барып, чет элдик инвесторлордун иш алып баруусуна тоскоолдук жараткан. Жергиликтүүлөр ал жерде мурда иштеп кеткен К.А. аттуу жаранды кайрадан жумушка алууну талап кылышкан. Бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмү текшерүү иштерин баштап, А.К. аттуу жарандын "За Правду" ютуб каналына жүктөлгөн видеого соттук-лингвистикалык экспертиза дайындаган. Чогулган материалдын жана экспертизанын корутундусу менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Ноокаттагы жаңы салынып жаткан жолдун сапаты боюнча 22-октябрда "Фейсбуктагы" баракчасына видео жарыялаган  Тасмада жаңы асфальт басылган жол талкаланып кеткени көрсөтүлгөн. 

Кийин аны Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери "жол эрежесин бузганы" үчүн токтоткон учур тартылган дагы бир видеону жарыялаган. Көп өтпөй милиция бөлүмүнө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийин ал видео да өчүрүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала