БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокатта мөмө-жемиш сакточу ири логистикалык борбор ачылды

Ноокатта мөмө-жемиш сакточу ири логистикалык борбор ачылды

Сүрөт: президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

6-июлда Ош облусунун Ноокат районунун Насирдин Исанов айыл аймагында "Ноокат алмасы" кооперативине таандык логистикалык борбор ачылып, иштей баштады. Анда алма, малина жана башка жашылча жемиштерди майга чейин сактап, сатса болот. Ал үчүн ишкана 1200 тонналык муздаткыч менен жабдылды.

Кампанын ачылыш аземине өкмөт мүчөлөрү, эл арылык уюмдардын өкүлдөү катышты. 

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалымдашынча, борборду "Ноокат алмасы" кооперативи эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө ачты. Жалпы сметалык баасы 100 млн сомду түзүп, курулуш иштерине АРИС уюму 27 млн 840 миң сом жумшаган. ЮСАИД 7 млн 200 миң сомго муздаткыч орноткон. Ал эми калган чыгымды кооператив өзү жапкан. 

Учурда логистикалык борбордо туруктуу 11 киши иштейт, сезон маалында 200дөн ашык жумушчулар ишке тартылат. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей