БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокат: жергиликтүү бийлик соцтармакка тараган сүрөт боюнча түшүндүрмө берди

Ноокат: жергиликтүү бийлик соцтармакка тараган сүрөт боюнча түшүндүрмө берди

Сүрөт: Гүлназа Абылкасымова

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Гулистан айыл аймагында жайгашкан стадиондун отургучтарына тизилген малдын тезегинин сүрөтү боюнча жергиликтүү бийлик түшүндүрмө берди. 

Айыл өкмөттүн жоопту катчысы Ахмаджон Таштемировдун айтымына караганда, тезектерди стадиондун күзөтчүсү өз билемдик менен жайып салган. 12-январда тийиштүү адистер акл жерди тазалоо жана иретке келтирүү иштери жүргүзүшкөн. Мындан сыркары окуяны айыл өкмөттүн коомдук алдын-алуу борбору карап чыгат. 

"Райондук укук коргоо органдары тарабынан күзөтчүгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, түшүнүк  каты алынды", -деди Таштемиров. 

Буга чейин "Фейсбук" социалдык түйүнүндө стадиондо тезектин жайылып турган сүрөтү чыккан. Аны Гүлназа Абылкасымова аттуу жаран жарыялаган.

Буваназар Шаназаров атындагы стадион 1985-жылы колхоз тарабынан курулган. Эки миңден ашуун адамга ылайыкташкан. Аталган жай көп жылдар бою кароосуз калып, 2010- жылы айыл өкмөттүн балансына өткөн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей