БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Новосибирск: мигранттардын балдарын "Юнармияга" жөнөтүү сунушталды

Новосибирск: мигранттардын балдарын "Юнармияга" жөнөтүү сунушталды

Сүрөт: centralasian.org

Новосибирск облусунун вице-губернатору жана аймактык саясат министри Андрей Клюзов мигранттардын балдарын орус коомчулугуна аралаштыруу үчүн "Юнармияга" жөнөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу "KSOnline" басылмасы жазды.

Клюзов окуучуларынын көбүн мигранттардын балдары түзгөн Хилокс районундагы №66 мектепти мисал келтирген.

"Бул мектепте жакынкы өлкөлөрдөн келген балдар көп окуйт, алар орус тилин жакшы билбеши мүмкүн. Мындан улам жергиликтүү үй-бүлөлөр балдарын башка мектептерге берүү үчүн алып кетип жатышат", – деди Клюзов "Сибирь – территория мужества" аттуу концепцияга арналган басма сөз жыйынында.

Анын айтымында, мигранттардын балдарынын социалдык жана маданий адаптациясына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу жолу – аларды "Юнармияга" жөнөтүү жана баарына милдеттүү түрдө аскердик-патриоттук тарбия берүү.

№66 мектеп – Новосибирсктеги эң эски мектептердин бири. Андагы окуучулардын 75% жакынын мигранттардын балдары түзөт.

Буга чейин Орусияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тилинен милдеттүү сынак тапшыртуу сунушу жазылган мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага киргизилген. Орусия президентинин алдындагы Колдонмо экономикалык изилдөөлөр институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Орусиядагы мугалимдердин 53% мигранттардын балдарында орус тилин жана жалпы билим берүү предметтерин өздөштүрүүдө көйгөйлөр бар экенин белгилешкен.

Автор: Т-Медиа > 353 статей