БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноябрдан баштап мектептерге электрондук күндөлүк киргизилет

Ноябрдан баштап мектептерге электрондук күндөлүк киргизилет

Сүрөт интернеттен алынды

Билим берүү жана илим министрлиги мектептер үчүн мамлекеттик электрондук күндөлүктү түзүү иштери аяктап калганын маалымдады. 

Колдонмо экинчи чейректен баштап мектептерде иштеп баштайт. 

Бул окуу процессин башкаруу, билим берүүнүн сапатын баалоо жана окуу материалдарын бириктирген биринчи улуттук портал болуп калат. Электрондук күндөлүк окуучулар жана алардын ата-энелери, мектептер үчүн акысыз болот

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей